ӨКМ: Жайлоодогу туруксуз аба ырайынан чабандар көчүрүлүп келүүдө

ӨКМ: Жайлоодогу туруксуз аба ырайынан чабандар көчүрүлүп келүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр айыл аймагындагы Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал жандыктары менен калып калышкан. 10-сентябрь күнү чабандар малдары менен ӨКМ тарабынан көчүрүлүп келинген. 11-сентябрь күнү боз үйлөрүн көчүрүп келүү максатында ӨКМнын Жайыл районунан ыкчам топ Урал унаасы менен Сандык жайлоосуна барышып, чабандардын 1 каттам тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен. Көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү да улантылат. 

Нарын облусунун Жумгал районунда 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Чаек айыл аймагына караштуу Ой-Кайым жайлоосунда 10 чабан мал жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМнын 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, саат 20:40та 1 чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. Чабандарды көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү улантылат.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал жандыктары менен калып калышкан. Бүгүн, 12-сентябрда чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана «Тез жардам» кызматынан 1 кызматкер тартылып, 5 чабанды мал жандыктары менен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Чабандарды көчүрүү иш-чаралары 12-сентябрь күнү улантылат.

Аксы районунда 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Ак-Суу айыл аймагындагы Кум-Бел, Миң-Бугу жайлоолордо малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдан 6 куткаруучусу, ИИМден 4 кызматкер, токой чарба сынан 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Учурда байланыш жок.

булак: super.kg

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>