ӨКМ:Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси табылды

ӨКМ:Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси табылды

Сокулук районундагы Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

21-июнда саат 09:50до Сокулук айылындагы Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Жерине ӨКМнин №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда жана анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн ИИМ кызматкерли тергөө жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>