Өлүп тирилген аял тозокко болгон сапары тууралуу айтып берди

Өлүп тирилген аял тозокко болгон сапары тууралуу айтып берди

Клиникалык өлүмгө кабылган бейтап тозокко болгон сапарын айтып берди. Бул материал Улуу Британиянын Express басылмасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баңгизатын ашыкча колдонуудан улам клиникалык өлүмгө дуушар болгон Франсин аттуу айым клиникалык өлүмдөн кийин тозокко болгон сапары тууралуу “Өлүмдөн кийинки жашоону изилдөө фондуна” айтып берген. 

 “Мен денемден бөлүнүп чыгып, мени сактагысы келген дарыгерлердин аракетин көрүп турдум. Ушул учурда капыстан эле мени коркунучтуу жандыктар курчап калышты. Мен аларды “кара периштелер” деп атадым. Алар “жарыктыктан караңгыга” деп сүйлөнүп жатышты. Калган сөздөрүн эстей албай калдым”, — деген  Франсин.

Андан сырткары ал кара жандыктар аны жанын койбой тытмалашканын айткан.

 “Биз кадимкидей оорукананын ичинде жана чатырында учуп жүрдүк. Андан кийин эле капыстан тозокко түшүп калдым. Мен башка арбактардын үнүн, алардын жан чыдагыс кыйкырыктарын угуп жаттым. Кандайдыр бир ачуулу жандык менден сурак алып жатты. Мен бул сурак түбөлүккө созулат го деп ойлодум. Ал менин кимге ишенип жана кимге дуба кыларымды сурап жатты”, — деген Франсин.

Башында Франсин аябай коркконун, кийин ал аталган жандыктарга аны жашоого кайтаруусун өтүнгөнүн айткан.

“Мен аларга кимге ишенеримди айттым,  Ушундан кийин дароо тозоктон чыгарышты”, — деген Франсин.

Өлүп тирилген айым коркунучтуу жандыктар анын жашоодогу басып өткөн жолун көрсөтүп, каталарын айтканын, жада калса башкаларды жаман тиктеген учурларын дагы көргөзкөнүн айткан. Мындан улам адам, кылган каталары башкаларды кандай оор сезимдерге дуушар кыларын сезип, башкаларга сый-урмат менен мамиле кылуу керектигин түшүнгөнүн айткан.

Изилдөөлөргө таянсак, мындай окуялар клиникалык өлүмгө кабылгандар үчүн нормалдуу көрүнүш. Бирок бул алар тозокту же бейишти көрдү дегенди түшүндүрбөйт дешет окумуштуулар.

 “Мындай нерсе мээ өзүн-өзү сактоого аракет кылып жатканда болушу мүмкүн”, — дейт Нью-Йорктогу “Ланон” жандандыруу мектебинин жетекчиси доктор Сэм Парниа.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>