Өлдү деп жерге берилген адам эки айдан соң тирүү кайтып келген

Өлдү деп жерге берилген адам эки айдан соң тирүү кайтып келген

Кытайдагы Чунцин шаарынын тургуну өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатынан эки ай өткөндөн кийин үйүнө тирүү кайтып келген. Бул тууралуу Daily Mail басмасы жазган.

Март айында 43 жаштагы Цзяо деген  фамилияны алып жүргөн, психикалык жактан оорулу адам жоголгондугу тууралуу анын туугандары полицияга билдиришкен.

Апрель айынын башында жоголгон адам Вэньчжоу шаарынын Чжэнцзян аймактык ооруканасында табылгандыгы тууралуу туугандарына кабар келген.

Эртеси күнү Цзяонун үй-бүлөсү аталган ооруканага барышкан. Дарыгерлер бейтап туберкулез менен ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жана жашап кетери арсар экенин айтышкан.

Цзяонун агасы инисин таануу үчүн кирип бирок бейтаптын бетиндеги жасалма дем алдыруучу аппараттан улам тааный алган эмес.

Бейтаптын туугандары аны үйлөрүнө алып кетүү чечимин кабыл алышып, 12 миң юань (132  миң сом) каражат жумшашкан. Бирок бейтап Чунцинге бара жаткан жолдо каза болгон. Туугандары сөөктү көрө алышкан эмес, анткени коронавирус пандемиясындагы абалды эске алышып маркумду дароо өрттөшкөн.

Цзяонун үй-бүлөсү маркумду акыркы сапарга узатууга 140 миң юань (1,6 миллион сом) каражат жумшашкан .

Май айынын соңунда Цзяонун агасына полициядан телефон чалышып, өзүн Цзяо деп таныштырган үй-жайсыз адам табылгандыгын айтышкан.  5-июль күнү Цзяо полициянын жардамы менен үйүнө жеткирилген.

Психикалык жактан жабыркагандыктан ал кандайча ал шаарга барып калганын айта алган эмес.

Ал эми Цзяонун ордуна жерге берилген кишинин аты-жөнү белгисиз бойдон калган. Бул башаламандык өлгөн киши ооруканага келгенде жанында Цзяого таандык документтер табылгандыктан келип чыккан. Анан дагы экөө тең туберкулез менен оорушкан.

“Биз аны сүрөтүн полицияга жибердик. Анын аты-жөнүн тактап, үй-бүлөсүнө кабар берүү алардын милдети”, — деген оорукананын өкүлү Лю Сяо.

Ошондой эле оорукананын дагы бир кызматкери бейтапты таануу үчүн туугандарына мүмкүнчүлүк берилгенин айтып: “Эгер аны туугандары дагы тааный албаса, биз кайдан таанымак элек?” — деген.

Цзяонун үй-бүлөсү бейтаптарды алмаштырып алгандыгы үчүн ооруканадан компенсация талап кылууда

Тэги: Кытай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>