Site icon Reporter.kg

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Өрт катталган аймактар: Бишкек 2, Чүй 2, Ош облусу 4, Нарын 2, Жалал-Абад аймагы 1.

Өрт кырсыгынын басымдуу бөлүгү электр чубалгыларынан келип чыккан. Ага этияттык менен мамиле кылынбаганын адисттер изилдөөдө айтышты. Күн сууктаганына байланыштуу жарандар үй жылытуучу электр мештерин туура эмес колдонууда.

Exit mobile version