Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көлдө 2, Ош аймагында 1 өрт кырсыгы катталды.

Өрт кырсыгынын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдөн электр чубалгыларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>