Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 3, Ош 2, Чүй 4, Ош облусу 2, Ысык-Көл 1, Баткен 2.
Кырсыктын басымдуу бөлүгү ачык аянттагы куураган чөптөрдөн жана турак үйлөрдөн келип чыккан.