Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 2, Чүй 3, Ысык-Көл 1, Жалал-Абад 3, Ош облусу 3, Баткен облусу 2.
Кырсыктын басымдуу бөлүгү мал кармоочу сарайлардан чыккан. Сарайлардын үстү кургак камыш менен жабылганы маалым болгон.