Өлкө аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 4, Чүй 7, Жалал-Абад 3, Нарын 1.

Кечээ, 15-июнда Бишкекте ири өрт кырсыгы катталган.

«Сухэ-Батор көчөсү, жалпы аянты 450 чарчы метр болгон жыгач устундуу темир жабылган дарыкана, тез-татым, дүкөн жана тиричилик электр жабдуулары толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерде газ баллон жарылган. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>