Өлкө аймагында акыркы суткада 20 бейтап коронавирустан айыкты

Өлкө аймагында акыркы суткада 20 бейтап коронавирустан айыкты

Бир сутка ичинде коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 20 бейтап. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып чыккан бейтаптар төмөнкү аймактардан:

Бишкек ш. – 9;
Нарын облусу — 7;
Жалал-Абад облусу — 2;
Баткен облусу — 1;
Ысык-Көл — 1.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 949 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>