Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратат.

2021-жылдын 13-февралынан 16-февралына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>