Өлкө аймагында жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жанан Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.     

Абанын температурасы төмөндөп: 29-30-сентябрь күндөрү Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 15…20°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

1-2-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында  -1…-3° үшүк, Нарын облусунун  дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>