Өлкө башчы 1-октябрь Карылар күнү менен куттуктады

Өлкө башчы 1-октябрь Карылар күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчысы кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан эл деди.

«Мындан ары да калктын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес,  ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирем!

Сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм», — деди өлкө башчы куттуктоосунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>