Өлкө башчы «Казак» каймана ат менен таанылган Умар Маратовду үй камагына чыгарган судьяны иштен алды

Өлкө башчы «Казак» каймана ат менен таанылган Умар Маратовду үй камагына чыгарган судьяны иштен алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту. Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка бүгүн, 17-январда кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза колдонуу жөнүндөгү сунуштамасы менен Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

Прокуратура органынын сунушун кароонун жыйынтыгы менен Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, Айнура Сулайманова быйыл 8-январда «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» «Казак» деген каймана ат менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганы менен белгилүү. Бул коомчулукта сынга кабылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>