Өлкө башчы Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисин кабыл алды

Өлкө башчы Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Жолугушууда Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу чаралары, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары бекемдөө боюнча артыкчылыктар талкууланды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Дуйшенбиев Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөлдөө өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчы Аскерий адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду.

Маалыматтык коопсуздукту жана аскерий түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>