Өлкө башчы Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Жээнбеков коопсуздук органдарына өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, чалгындоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, курал-жарактарды жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жооптуу милдеттер жүктөлгөнүн билдирди.

«Коомубуздун бейпилдиги жана коопсуз жашоосу, адамдардын өз өлкөсүнүн келечегине ишеними — сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды.

Сиздердин чечкиндүү жана иш билги аракетиңиздер менен маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болууда, өлкө жарандарынын тынчтыкта жаратмандык эмгек менен алектенүүсү үчүн шарт түзүлөт.

Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин каармандыгы жана кесипкөйлүгү мындан ары да жарандарыбыздын бейпилдигинин кепилдиги катары кызмат кылаарына ишенем», — деп айтты куттуктоосунда мамлекет башчы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>