Site icon Reporter.kg

Өлкө башчы ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков  кечээ, 25-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи.

ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Валерий Семериков ушул жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтер даяр экендигин маалымдады.

Ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Exit mobile version