Өлкө жана өкмөт башчыларынын декларациясында кайсы байлыктары көрсөтүлгөн? — тизме

Өлкө жана өкмөт башчыларынын декларациясында кайсы байлыктары көрсөтүлгөн? — тизме

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков 902 миң 785 сом иштеп тапкан. Бул маалымат Салык кызматы мамлекеттик кызмат жетекчилеринин декларациясында  көрсөтүлгөнүн «24.kg» жазды.

Өлкө башчы өткөн жылы 890 миң 994 сом киреше алган. Президент жеке мүлкү катары 23 жер тилкесин, 160 чарчы метрлик үйүн, бир тракторун көрсөткөн.

Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары бир жылда 4,2 миллин сом акча иштешкен. 7 миллион сомдук ири мүйүздүү малы, Lexus-470 унаасы, 64 чарчы метрлик батири, 13 жер тилкеси бар.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 826 миң 461 сом кирешеси болгон, анын кыймылсыз мүлкү жок. 52 жылкысы, 22 бодо малы, 524 майда малы бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кирешеси өткөн жылы 875 миң 784 сомду түздү. Анын 59,5 чарчы метрлик батири бар. Үйүн төрага 432 миң сомдук эмерек менен толтурган. Компюьтер, ноутбуктардын баасы эле 237 миң 655 сом. Тиричилик техникасын 364 миң 445 сомго сатып алган.

Дастан Жумабеков 1 миллион 125 миң сомдук бодо малы жана 500 миң сом кой-эчкиси бар. Андан тышкары, жылкыларынын баасы 560 миң сомго барабар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>