Өлкөдө алгачкы жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды

Өлкөдө алгачкы жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды

Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирустун «британиялык» штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда илдеттин “британиялык” штаммы бар экенин тастыктаган.

Белгилей кетсек, SARS-CoV-2 деп аталган вирустун жаңы жана жугуштуу түрү Улуу Британияда 2020-жылдын экинчи жарымында пайда болду. Алгач Кент шаарында  20-сентябрда, кийин Лондондо 21-сентябрда бар экени аныкталган.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>