Коронавирустун белгилери катталса жугуштуу илдеттер ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр

Коронавирустун белгилери катталса жугуштуу илдеттер ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алуу учурлары катталса, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат жыйында билдиргенин «super.kg» жазды.

«Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы декабрь айынын аяк ченинен баштап даярдыктарды көрө баштаган. Себеби ушул айда Кытайдан коркунучтуу оору чыгып жатат деген маалымат түшкөн. Бизде коркунучтуу ооруларга карата пландар бар. Коронавирус боюнча дагы өзүнчө иш алып барып жатабыз. Клиникада ушундай учурлар үчүн атайын бөлүнгөн палаталар бар. Вирусту жуктуруп алуу учуру катталса, бейтаптар башкалардан изоляцияда кармалат. Ошондой эле аларды ташуу үчун бокс-камераларды алдык. Коронавирус оорусун дарылоо кадимки сасык тумоодой эле жүргүзүлөт. Кызматкерлерди да даярдап, аларга сактоочу кийимдерди алып, даярдап койдук. Бүгүнкү күндө ооруканага коронавирус оорусун жуктуруп алууга шектелген бейтаптар келген жок. Кытайга барып келген жарандарыбыз ал жакка баргандарын ачык айтышын суранып кетет элек», — дейт Аалиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>