Өлкөдө “SinoPharm” вакцинасы 304 адамга сайылды

Өлкөдө “SinoPharm” вакцинасы 304 адамга сайылды

Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 304 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 127, Ошто – 123 жана Чүй облусунда – 54 киши эмдөөдөн өттү. Ал эми бир суткада жалпы 112 адам эмделген.

Белгилей кетсек, Кытайдан келген “SinoPharm” вакцинасы менен 75 миң адам эмделет. Учурда Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда вакцинациялоо жүрүүдө.

29-мартта Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Учурда Өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөө жүрүүдө. Алгач “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>