Өлкөдө жалпы 2 миң 475 шайлоо участкасы ачылды

Өлкөдө жалпы 2 миң 475 шайлоо участкасы ачылды

Өлкөдө жалпы 2 миң 475 шайлоо участкалары ачылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Жалпы 2 миң 475 шайлоо участкасы ачылды. Шайлоодо 16 саясий партиянын тизмеси катталган. 1912 талапкер катталды, анын ичинен 57 талапкер ар кандай себептер менен өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде талапкерлердин тизмесинен чыгарылды», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Тэги: шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>