Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83% пандустар менен жабдылган

Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83% пандустар менен жабдылган

Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83% пандустар менен жабдылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Боршайкомдо ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧ) Керектөө картасы туруктуу негизде түзүлүп, ДМЧ шайлоочулардын иш жүзүндөгү так саны эсепке алынат, атайын форматтарды колдонуп ДМЧ шайлоочуларга маалымат берүү уюштурулат.   

«Учурда  2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мөөнөтүнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын Керектөө картасы жаңыланды.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бири гана пандустар менен жабдылып, Курулуш нормалары жана эрежелеринин 10% на туура келген. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43%га, августта – 65,7%, сентябрда – 79%, декабрда – 83,4%га жеткен», — деп жазылат БШКнын маалыматында.

Пандустар менен жабдуу дагы 185 участкада муктаждык жок. Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участокторунда пандус жок, добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жумуштары уланууда.

Өлкө аймагында шайлоо тилкелеринин жалпы саны 2 миң 420.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>