Өлкөдөн 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга шектүүлөр кармалды

Өлкөдөн 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга шектүүлөр кармалды

Кыргызстандан 8 тоннадай күйүүчү майды аткезчилик жолу менен алып чыгууга аракет көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө аткезчилик жүк аныкталган. Күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда жасалма мамлекеттик номур менен коңшу өлкөнүн биринде катталган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгалагандыгы аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.

Учурда бул факты боюнча иш козголуп, кылмышка катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>