Өлкөдөн дарынын 80 түрүн экспорттоого убактылуу чектөө кирди

Өлкөдөн дарынын 80 түрүн экспорттоого убактылуу чектөө кирди

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Ага ылайык дары-дармектин 80 түрүн, медициналык буюмдардын 64 түрүн экспорттоого убактылуу чектөө кирди.

Мындай тыюу салуу Өкмөттүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

“Аталган токтомдун максаты — Кыргызстан калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө”, — деп айтылат маалыматта.

Документке ылайык, Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>