Өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлөт

Өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлөт

Кыргыз Өкмөтү тарабынан өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган. Өлкөгө чет мамлекеттин жарандарын жана жарандыгы жок жактарды өткөрүү боюнча чектөө чараларынын шартында, Кыргызстанга кошумча түрдө төмөнкү категориядагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок жактары кирүүгө мүмкүнчүлүк алат: 

— Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);

— Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары;

— Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (документ менен ырасталган шартта);

— жакын туугандарынын аза күтүү иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта).

Мындан тышкары, Кыргызстанга коронавирустун жайылышына байланыштуу кесепеттерди кыскартууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу алкагында чет мамлекеттердин жарандарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу тууралуу чечим абыл алынды.

Эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жараша Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чет мамлекеттердин тийиштүү тизмеси бекитилет, ал айына эки ирет: айдын башында жана жарымында каралып турат.

Натыйжада, тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргызстандын мыйзамдарында бекитилген тартипте, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтө алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>