Өлкөнүн түштүгүндө эгин себүү башталды

Өлкөнүн түштүгүндө эгин себүү башталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, Оштун Араван районунда, Баткен облусунун Лейлек районунда арпа эгүү иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Бул былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө жаз эрте келди. Чүй облусунда дагы жер айдоо иштери башталды.

Өлкө боюнча 1 млн. 220 миң гектар айдоо жери болсо, ошонун 1 миллионго жакыны дыйкандардын колунда. Башкача айтканда айдоо жерлеринин 97%га жакыны жеке менчикте.

Белгилей кетсек, Араван районунда 28-январда картошка отургузуу башталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>