Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

30-июлда Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш иши каралат. Бул тууралуу «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму билдирди.

Отурум 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан 30-июлга жылдырылган. Ал эми «Бир дүйнө — Кыргызстан» тараткан билдирүүдө төмөндөгүдөй айтылат.

«Пробация институту тарабынан киргизилген жаңы жазык мыйзамдарына байланыштуу Кыргызстан жабык мекемелердеги оорулуулар, улгайгандар, аялдар, пенсионерлер жана балдар сыяктуу аялуу топтордун, өзгөчө муктаждыктагы камактагы адамдардын укуктарынын стандарттарын жана гумандуулуктун бийик принциптерин альтернативаларды колдонуу менен дүйнө жүзүнө көрсөтүшү керек», — деп айтылат.  

Эскерте кетсек, Аскаров 2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>