Өмүрбек Бабанов чиновниктер үчүн керектүү китепти атады

Өмүрбек Бабанов чиновниктер үчүн керектүү китепти атады

Саясатчы Өмүрбек Бабанов чиновниктерге «Гемба Кайдзен» китебин окууну сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Бабанов өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошумча нарк алып келбеген депутаттарды аталган китептеги «муда» деген түшүнүккө салыштырган.

«Чексиз жакшырууну кантип жасоону аябай дилгирленип окуп чыктым. Жапониянын башкаруу ийгилигинин сыры да ушул. Мага өзгөчө «муда» (жоготуу) деген сөзү жакты. МУДА – бул кошумча наркты же баалуулукту жаратпай, жөн гана жоготууларга алып келчү нерсе. Өзгөрүүнү каалаган адам кошумча баалуулук алып келбеген нерсенин бардыгын талдап, аларды жок кылуусу керек. Мисалы азыр конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланып жатат. Чындыгында, биздин чиновниктердин алкагынан карасак, анда өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошумча нарк алып келбеген депутаттардын саны МУДАга дал келет», — деп жазган саясатчы.

Бабанов ар бир аткаминер жана мамлекеттик мекемелер өз ишинде «Гемба Кайдзен» системасын колдонсо туура болот деген ойдо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>