Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев менен жубайынын абалы айтылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшырууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Искен Афинджанов билдирди.

Анын айтуусунда, Текебаев эки тараптуу пневмониядан акырындык менен айыгууда, бирок ал дагы эле белгиленген нормадан төмөн бойдон калууда.

Ал эми саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева ооруканадан чыгарылып, үйүндө.

Белгилей кетсек, Текебаев менен жубайы ооруп калганы 8-июлда белгилүү болгон.

Exit mobile version