Site icon Reporter.kg

Өмүрбекова Италиядан Кыргызстандын 2 жаранынын келиши боюнча кырдаалды териштирүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарына Италиядан Кыргызстандын 2 жаранын келиши боюнча кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттеги жалпы жыйында бүгүн эртең менен Италиядан келген Кыргызстандын 2 жаранын дене табын текшерип туруп эле коё бергендери боюнча айткан.

Алтынай Өмүрбекова бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version