«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден коронавирус аныкталды

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден коронавирус аныкталды

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Өздүк булак Төрөбаевдин учурда кайда дарыланып жатканын айткан жок.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин 70ге жакын депутаты ПЦР тест тапшырышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, КСДПнын 3, «Бир Бол» фракциясынын 1 депутатынан коронавирус аныкталган.

19-июнда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус тастыкталган. Ал парламенттеги бардык депутаттар менен байланышта болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>