Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга гемодиализ мамлекеттин эсебинен каржыланат

Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга гемодиализ мамлекеттин эсебинен каржыланат

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан (2019-жылдын 29-августундагы № 441токтому) бекитилген. 

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат.

«Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет. Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай бою сеанс чектелбестен көрсөтүлөт жана келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>