Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча Саламаттыкты сактоо министрлиги өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдады. 

Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады.

Анда бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлгөн. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылган.

“Бүгүнтөн баштап №1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.
Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаңы 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>