Адам өмүрүн алган «Антошка» тамактануучу жайын иштеткен адам кармалды

Адам өмүрүн алган «Антошка» тамактануучу жайын иштеткен адам кармалды

Бишкекте 8-ноябрь күнү өрттөнүп кеткен   “Антошка” тез татым жайын иштеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштин жүрүшүндө  56 жаштагы К. А. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө башталып,  медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалган», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган өрт кырсыгы 1 адамдын өмүрүн алып, 12 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 9-ноябрда тараткан маалыматына караганда, учурда 7 адам ооруканада дарыланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>