Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашта болуп, Орусияга качып кеткен жигит кармалды

Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашта болуп, Орусияга качып кеткен жигит кармалды

Москва шаарында укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн 1995-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тектүү жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Жигит 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси «Он алты жашка чейинки адам менен жыныстык катнашка баруу жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» боюнча издөөдө жүргөндүгү такталды.

Белгиленген маалыматтарга ылайык, ал 2015-жылы күзүндө мыйзамсыз иш-аракет жасап, өспүрүм менен жыныстык катнашка барган, натыйжада 2001-жылы туулган кыз кош бойлуу болуп калган. Андан кийин, жашырынып жүргөн жаран Т.У., Орусиянын аймагында болгон.

Ошондой эле, ал жигит Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгы тарабынан жасалма документтер менен жүргөнү аныкталды.

Изделип жаткан адам кармалып, Москва шаарындагы СИЗОго киргизилген, Минск конвенциясына ылайык, экстрадициялоо маселеси Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>