Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү арызы парламентте колдоо тапты

Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү арызы парламентте колдоо тапты

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын кызматтан кетүү боюнча арызын  бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошту.

Ушул эле күнү Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап парламенттин кароосуна жиберген.

Жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү боюнча президентке арыз бергенин билдирген.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында Башкы прокурор болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>