Өтмөк ашуусунда жолду суу каптоодо — видео

Өтмөк ашуусунда жолду суу каптоодо — видео

Бишкек-Талас жолундагы өтмөк ашуусун суу каптоодо. Бул тууралуу социалдык тармактын колдоонучулары билдирди.

Алардын айтымында, күн жылыганына байланыштуу тоодогу карлар ээрип, жолдун көпчүлүк бөлүгүн суу жууп кеткен.

“Жергиликтүү жол тейлөө мекемеси эч нерсе аткарбай эле отурат. Мындай абалда дагы 1-2 саатта жол толугу менен жабылып калат. Унаалардын өтүүсүнө мүмкүн болбой калды”, — дейт жолдон өтө албай турган айдоочу.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен күндүн ысышынан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын дарыяларында суунун денгээлинин көтөрүлүшү жана 6-7-майда тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Тэги: Өтмөк сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>