Site icon Reporter.kg

Өткөн суткада 36 жаштагы бир бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Өткөн сутка ичинде 36 жаштагы бир бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан бир эркек бейтап илдеттен каза болду.

«Ал дарыгерлерге кайрылбай өз алдынча үйүнөн дарыланып жүрө берген. Ошондой эле антибиотикалык дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү жок ичкен. Мындан улам бейтаптын оорусу күч алып кеткен, ошол себептен дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деп билдирди Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 30 кишини түздү.

 

Exit mobile version