Өткөн суткада COVID-19 үч облуста жана Ош шаарында катталган жок

Өткөн суткада COVID-19 үч облуста жана Ош шаарында катталган жок

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдетинин жаңы 52 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, оору Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында жана Ош шаарында катталган жок. Бишкекте 26, Чүйдө 16, Ош облусунда 6, Ысык-Көлдө 2 жана Баткенде 2 адамдан инфекция табылып, коронавирустан дагы 52 бейтап сакайган.

Ал эми өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>