Өткөн суткада коронавирустан 46 жана 51 жаштагы бейтаптар каза болду

Өткөн суткада коронавирустан 46 жана 51 жаштагы бейтаптар каза болду

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгондор Токмок аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 1974-жылкы), Темир жол ооруканасынан – 1 (1969-жылкы, эркек).

Жалпы каза болгондордун саны 37 кишини түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>