Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 1965-жылы туулган эркек киши илдеттен көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 32 кишини түздү.