Кыргызстан боюнча себилген картошканын жалпы аянты — 79,2 миң гектар жер. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Өткөн жылга салыштырганда быйыл 5,2 миң гектарга аз картошка себилди. Буга 2018-жылы картошканын баасынын төмөн болушу себеп болгон.