Өткөн жылы Кыргызстан 493 тонна бал экспорттогон

Өткөн жылы Кыргызстан 493 тонна бал экспорттогон

Бүгүн, 25-февралд Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Төрага Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги астында өткөн отурумда аталган кеңештин мурда кабыл алган чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берилип, андан соң бир катар мыйзам долбоорлору жөнүндө сөз болду.

Анын ичинен, Кыргызстандагы бал аарычылыкты өнүктүрүү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселеси каралды. Учурда Кыргызстанда 79 бал өндүрүүчү ишкана бар. 2019-жылдын эсеби боюнча өлкөдө 2000 тоннадай бал өндүрүлүп, анын 493 тоннасы экспорттолгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Бал аарычылар ассоциациясынын төрагасы Жакшылык Дүйшөналиев билдирди.

“Бирок биздин 12 миң тоннадан көп бал өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Муну менен катар биздин жаратылышыбыз, табигый мүмкүнчүлүктөрүбүз балдын сапаттуусун өндүрүүгө ылайыктуу. Алсак, 1990-жылдары жыл сайын 12 миң тонна бал өндүрүп, Союздук республикалардын ичинен 3-орунда турган” ,– деди Жакшылык Дүйшөналиев.

Ал эми Төрага Дастанбек Жумабеков бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоо менен бал өндүрүү тармагын колдоо керектигин белгиледи.

Ошондой эле төрага тиешелүү мекеме жетекчилерине аталган тармактагы айрым маселелерди чечүүгө жана бал өндүрүшүнө тиешелүү саясатты жүзөгө ашырууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушун берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>