Өткөн жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү белгиленген планга жеткен эмес

Өткөн жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү белгиленген планга жеткен эмес

Өткөн жылы республикалык бюджеттин кирешеси белгиленген план боюнча 152 млрд 100,1 млн сом болгон. Ал эми иш жүзүндө 148 млрд 254,1 млн сом түшүп, план 0,05%га толук аткарылбай калган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда финансы министрлигинин алдындагы борбордук казынанын жетекчиси Марлен Амандыков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, план 97,5% аткарылган. Пландан 3 млрд 846 млн сом казынага түшкөн эмес. 2018-жылга салыштырмалуу киреше 9,4% же 12 млрд 747,7 млн сомго жогорулаган.

«Республикалык бюджетке салык кирешелерден 105 млрд 929,4 млн сом түшкөн. 2018-жылга салыштырмалуу салык кирешеси 2,1% же 2 млрд 192,5 млн сомго жогорулаган», — деп маалымдады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>