Өткөн жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомго жетти

Өткөн жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомго жетти

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Баяндаманы Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев жасады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болду. Экономиканын анык өсүшү дагы 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн.

2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган.

 «Отчеттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 млрд 736 млн сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 млрд 551 млн сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды», — деди ал.

Андан тышкары, 2018-жылдын республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 122 млрд 140 млн сомду түзгөнү же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылганы белгилүү болду. Ал эми мамлекеттик бюжет 6 млрд 188 млн сом тартыштык менен аткарылган, анын ичинде: республикалык бюджет – 6 млрд 453 млн сом, жергиликтүү бюджет – 264 млн сом профцит.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>