Өткөн жылы укук коргоо кызматкерлеринин айлыктары 40%га көтөрүлгөн

Өткөн жылы укук коргоо кызматкерлеринин айлыктары 40%га көтөрүлгөн

2020-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га көтөрүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Мариповдун Ички иштер министрлиги менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин санариптештирүү алкагындагы ишмердүүлүгүн белгилеп, ар кандай кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүүгө, ошондой эле «Түндүк» жана «Коопсуз шаар» системасынын ишине оң баа берди.

Марипов социалдык колдоо, анын ичинде милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу, ошондой эле ички иштер органдарынын аймактык имараттарын модернизациялоо иштери улантыларын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>