Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды

Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды

Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган.

Алардын үчөө киши өлтүрүү,  алтоосу денеге оор залал келтирүү, экөө адам уурдоо,  он беши опузалап талап кылуу,  жетөө каракчылык, экөө тоноо 28 алдамчылык, 25 бейбаштык, 14 уурулук, 10 мыйзамсыз курал сактоо, 3 баңгизаттарга байланыштуу жана башка 17 кылмыш фактысы боюнча кармалган.

Алардын ичинен 9у криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр болгон.

ИИМдин каттоосунда республика боюнча К. Көлбаев, А. Батукаев, А. Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жалпы саны 1 миң 76 адамды түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>