Site icon Reporter.kg

Өтмөк ашуусу унаалар үчүн жабык

Өтмөк ашуусу (Талас району) унаалар үчүн жабык. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кар күрткүсүнөн улам жол жабык болгону кабарланууда.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош жолу унаалар үчүн ачык деп маалымат берген.

Буга чейин калың жааган кардан улам таксисттер Өтмөк ашуусуна кар көчкү түшүп, унаалар өтө албай жаткандыгын белгилешкен.

Exit mobile version