Өзүнөн 3 жаш улуу кызды ала качкан жигитке иш козголду

Өзүнөн 3 жаш улуу кызды ала качкан жигитке иш козголду

Ысы-Көлдөн Бишкекке кыз ала качкан жигит адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү түндө 1996-жылы туулган кызды Ысык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкекке шаарына ала качып келгенин айтып, жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында чала тааныш адамы эркине каршы достору менен алып качып келгенин билдирген. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>